Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Оштогу Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде ак илбирсти жана тоо экосистемасын сактоого арналган илимий-практикалык семинар өттү.
NABU Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, семинардын алкагында фототузактарга түшкөн илбирстердин сүрөттөрү көрсөтүлүп, жаратылышты изилдөөдө колдонулган дрон, тепловизор жана GPS-аппараттар тааныштырылды.
Ошондой эле адистер илбирстердин жашоо образы, азыктануусу, таралуу аймактары жана санынын азайышына таасир эткен факторлор тууралуу маалымат беришти.
Белгилей кетсек, иш-чараны NABU Кыргызстан уюму менен окуу жайдын факультети биргеликте уюштурду.