Кыргызстан менен Казакстан ак илбирсти биргелешип коргойт

Экология
Кыргызстан менен Казакстан ак илбирсти биргелешип коргойт
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан тоо экосистемаларын жана ак илбирстин чек ара аралык популяциясын сактоо багытында кызматташууну күчөтөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул маселе министр Акыл Токтобаевдин Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Алибек Куантыров менен Анталия шаарында өткөн жолугушуусунда талкууланды.

Кыргызстан менен Казакстан ак илбирсти биргелешип коргойт

Тараптар ак илбирстин популяциясына биргелешкен мониторинг жүргүзүү, илимий маалымат алмашуу, браконьерликке каршы күрөшүү жана анын табигый миграциялык коридорлорун сактоо маселелерин карашты.

Ошондой эле Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, жолугушуу БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында өттү.