"Беш-Таш" паркын аюу, ак илбирс жана бугу-маралдар байырлайт

Аймак
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.23.09 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.23.09 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.23.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.23.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.23.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.23.10.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркындагы жаратылышты коргоо иштери менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр парктын кызматкерлери менен жолугуп, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү жана жаратылыш аймактарын коргоо маселелерин талкуулады.

1996-жылы түзүлгөн парктын жалпы аянты 12 миң 802 гектарды түзөт. Анда аюу, ак илбирс, сүлөөсүн, марал, тоо теке жана башка жапайы жаныбарлар байырлайт. Ошондой эле аймакта Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөр бар.

Белгилей кетсек, иш сапардын жүрүшүндө министр Талас токой чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, министрликтин Талас регионалдык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына да катышкан.