Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун тоолуу аймагында илбирс, аркар-кулжалар жана тоо текелер видеого тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаныбарлар башкармалыктын кызматкерлери өткөргөн рейд учурунда байкалган.

Рейддик иш-чаралар жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.