Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Нарын облусундагы мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында үч ак илбирс видеого түшүп калган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, сейрек кездешүүчү жырткычтарды ведомствонун Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери коруктун аймагын кыдырып жүргөн учурда тартып алышкан.
Видеодо үч ак илбирстин тоо боорунда басып, бийиктикти көздөй бет алганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Нарын жана Ысык-Көл облустары ак илбирстердин негизги байырлаган аймактары болуп саналат. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири.
Ал эми 23-октябрда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында Борбор Азиядагы алгачкы "Ак илбирс" илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору ачылган.