2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы иштелип чыккан. Анын алкагында министрлер кабинетинин иш-аракеттер планы түзүлгөн. Анда Нарын шаарында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделген. Бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева “Кабар” агенттигине айтып берди.

“Нарын реновация” долбоору
Быйыл “Нарын реновация” долбоорунун алкагында алты компонент камтылган. Бул республика боюнча биринчи пилоттук долбоор болуп саналат. Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө маданият борбору курулду, автобекет реконструкцияланды. Панорамалык аттракциондун курулушу ишке ашырылууда. Балдар ойноочу аянча пайдаланууга берүү алдында турат. Муниципалдык коомдук мончо жаңы курулду. Жакында пайдаланууга берилет.

"Реновация долбоорунун алкагында маданий тармакка өзгөчө көңүл бурулган. Маданият борборунун имаратында музей, китепкана, кинодирекция, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрү жайгаштырылганы жатат. Жаштарга өзүнчө кабинеттер берилет.Мында туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн маданий иш-чаралар уюштурулат. Мурдагы эски китепкана бузулуп, заманбап китепкана маданият борборуна кирди. Ал жерде электрондук китептер, балдар жана эне-аталар үчүн ыңгайлуу шарттар бар", - деди ал.
Мындан тышкары, Жусаев атындагы парк реконструкцияланууда, ал жерде 47 метрлик панорамалык аттракцион курулуп жатат, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ачык асман алдындагы воркаут аянчалары орнотулууда.
Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен 183 млн сомго Нарын дарыясына көпүрө курулууда. Бул шаардын инфраструктурасын жана соода-экономикалык өнүгүүнү өстүрүүгө багытталган долбоор болуп саналат. Шаарды кеңейтип, базарды борбордон алыстатуу зарылчылыгы бар. Жаңы көпүрөнүн курулушу менен Матен Сыдыков атындагы аймакта жерлерди өздөштүрүү менен муниципалдык базар жана башка инфраструктура түзүлүүдө. Бул шаардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Жаңы базарга ушул көпүрө аркылуу өтүүгө болот. Бардык иштер соода кылгандарга да, сатып алуучуларга да ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.
Турак жайлар жана жер тилкелери

Реновациянын дагы бир компоненти төрт блоктон турган 9 кабаттуу, 216 батирлүү ипотекалык турак жай курулуп, ишке берилди. Мындан тышкары, аскер бөлүктүн ичиндеги 128 батир да ремонттолду. Ал жакында пайдаланууга берилет.
Ошондой эле турак жай менен камсыз кылуу багытында болжол менен 10 гектар жер бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилди. Буюрса жарандарыбызды жеткиликтүү турак жай программасы менен камсыздоого жетишебиз деген ниет болууда.
Нарын шаарынын 2025–2030-жылдарга карата өнүгүү программасы

Элмира Турганбаева белгилегендей, шаардын 2025–2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы иштелип чыккан. Анын алкагында 48 иш-чара планы түзүлүп, долбоорлор киргизилген. Алардын жалпы суммасы 1 млрд 360 млн сомдук инвестициялык долбоорлорду камтыйт.
Бул долбоорлордун алкагында реновация компоненттеринен тышкары аллеялар курулууда, веложолдорду салуу боюнча иштер жүрүүдө, жакында эле панорамалык тепкич ишке берилди. Ак-Кыяда туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү багытында асма жол, боулинг жана бассейн куруу боюнча иштер камтылууда. “Акылман” мектебин куруу иштери каралган.
2027-жылга карата пландар жана ири долбоорлор
2027-жылы эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет. Шаардан сунушталган долбоорлор бекитилсе, көптөгөн ири долбоорлор ишке ашат. Алардын ичинде шаардын ичиндеги 30 чакырымга созулган ички көчөлөрдү асфальттоо сунушталууда. Реабилитациялык борборду куруу, парктарды реконструкциялоо жана башка бир катар долбоор берилди. Сунушталган долбоорлор министрлер кабинети тарабынан каралып, бекитилгенден кийин эмки жылга даярдык көрүлөт.
Министрликтер менен кызматташуу жана ишкердикти колдоо
Бүгүнкү күндө Нарын шаарында 2026-жылга карата шаарда 7 млрд сомдон ашык каражатка курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жыйынтыкталууда. Анын ичинде жаңы курулуштар да, оңдоо жана реконструкция иштери да бар.
Мисалы, Курулуш министрлигине регионалдык бөлүм ачуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди, быйыл ишин баштады. Юстиция министрлигине жер тилкеси берилип, имаратын куруп жатат. “Адилет үйүн” курууга да жер бөлүнгөн.
Айыл чарба министрлиги тарабынан облус боюнча логистикалык борборлор курулуп жатат. Шаарда болсо ишкерлерге кеңселерди куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө. “Тянь-Шань Сити” деп аталган 10 кабаттуу, 426 батирлүү турак жай курулуп жатат.
"Өнөр жай тармагы боюнча айта турган болсок, кытайлык инвесторлорго курулуш материалдарын чыгаруучу ишканага ачуу үчүн жер тилкеси берилген. Кийинки жылы шаардагы турак жайлардын фасадын оңдоодо облуста өндүрүлгөн курулуш материалдары пайдаланылмакчы. LED экрандарды чогултуучу ишканага жер берилип, ишканынын имаратынын курулушу бүттү. Кургак учук ооруканасынын имараты бузулуп, анын ордуна медициналык борбор курулуп пайдаланууга берилди. Ошондой эле облустук бириктирилген оорукананын аймагында Кувейттин каржылоосу менен медициналык борбор курулганы жатат", - деп айтты Нарын шаарынын мэринин орун басары.
Шаардын экономикасын чыңдоо, инфраструктурасын жакшыртуу, калкка социалдык шарттарды жеткиликтүү кылып, заманбап шарттарды түзүү багытында азыр дагы да көптөгөн долбоорлор даярдалууда.