Ошто мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда

Аймак
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Ош шаарында курулуш ченемдерине жооп бербеген бардык мыйзамсыз курулуштар буздурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга суу коргоо зонасынын талаптарын бузуу менен курулган объектилер да кирет.

Учурда Ак-Буура дарыясынын 50 метрлик суу коргоо аймагынын талаптарын сактабаган "Аура" коммерциялык объектисин бузуу иштери жүргүзүлүүдө.