Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды

Экономика
Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды
Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды
Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды
Алдыга
Артка
Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды
Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды
Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык туннелдин 800 метри казылды
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Кара-Суу районунда курулуп жаткан кубаттуулугу 30 МВт болгон Папан ГЭСинин деривациялык туннелинин 1,5 чакырымдык бөлүгүнүн 800 метрге жакыны казылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштерин "Чакан ГЭС" ААК "Кыргыз-Кытай биргелешкен гидроэнергетикалык курулуш компаниясы" ЖЧК менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүүдө.

Учурда станциянын имараты үчүн котлован казуу жана суу кабыл алуучу жапкычтын шахтасын куруу иштери уланууда. Ошондой эле 110 кВ чыңалуудагы электр берүү чубалгысынын таянычтарын орнотуу аяктап, суу алуу түйүнү үчүн 10 кВ чыңалуудагы убактылуу электр менен камсыздоо системасы тармакка кошулду.