Кыргызстанда акыркы 5 жылда электр энергиясын керектөө 25%га өстү

Коом
Кыргызстанда акыркы 5 жылда электр энергиясын керектөө 25%га өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, керектөөнүн өсүшүнүн негизги себеби өлкөдө жаңы объекттердин ишке берилиши жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын кескин өсүшүнө байланыштуу.

"Электр энергиясын пайдалануу кескин түрдө өстү. Биз муну анализ кылып карап чыктык, акыркы 5 жылдын ичинде эле миңге жакын жаңы объекттер ишке киргизилди. Алардын баары электр энергиясын колдонот", — деп белгиледи Курсантбек Өмүрбеков.

Министрдин орун басары керектөөнүн 25 пайыздык өсүшүн толуктоо жана энерготармакты чыңдоо максатында учурда мамлекет башчысынын көзөмөлү астында масштабдуу иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Азыркы тапта эскилиги жеткен гидроэлектростанцияларды толук реконструкциялоо, жаңы аба чубалгыларын жана заманбап станцияларды куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Нестан Ибраева