Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөгө жардам берет. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, керектөөнү бир аз азайтуу менен эле жылына 10 миң сомго жакын каражатты сактап калууга болот.
Чүй облусундагы орточо жеке турак үй айына 1 миң 200 кВт/саат электр энергиясын колдонуп, бул үчүн 2 миң 243 сом төлөйт.
"Эгер керектөө көлөмү 320 кВт/саатка же 26,7%га азайтылса, айлык чыгым 1 миң 411 сомду түзөт. Мында үй-бүлө бир айда 832 сом, ал эми бир жылда болжол менен 10 миң сом үнөмдөй алат", - деп айтылат маалыматта.
Электр энергиясын үнөмдөө үчүн күнүмдүк турмуштагы ыңгайлуулуктардан баш тартуунун зарылдыгы жок. Электр шаймандарын пайдаланууда сарамжалдуу болуу, керексиз учурда жарыкты өчүрүү жана энергияны натыйжалуу колдонуу жетиштүү.
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК электр энергиясын үнөмдөө бир гана жалпы керектөөнү азайтпастан, үй-бүлөлүк бюджетти сактоого да өбөлгө түзөрүн белгилейт.
Белгилей кетсек, келтирилген эсеп шарттуу мисал катары берилген.