Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушууда жарандарды электр энергиясынын акысын кечиктирбей төлөөгө чакырды.
Жолугушууда Чалдыбар айылынын тургуну электр энергиясынын акысын бир-эки күн кечиктирген учурда туум эсептелерине нааразы болуп, бул тартипти кайра карап чыгууну өтүндү.
Буга жооп катары мамлекет башчысы Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын 1 кВт/сааты 1 сом 64 тыйындан сатыларын, ал эми анын өздүк наркы 2 сом 25 тыйынды түзөрүн белгиледи. Айырмасы республикалык бюджеттин эсебинен мамлекет тарабынан жабылат.
"Бизде электр энергиясы эң арзан. Аны суунун эсебинен өндүрүп жатабыз. Калк үчүн белгиленген тариф менен өздүк нарктын ортосундагы айырманы мамлекет бюджеттен төлөйт. Ошондуктан электр энергиясынын акысын өз убагында төлөп, бир-эки күнгө да кечиктирбегиле", - деди президент.
Ошондой эле ал өлкө энергетикалык каатчылыктан чыккандан кийин жарандарга кошумча жеңилдиктерди берүү маселеси караларын айтты.
Мындан тышкары, тургун Чалдыбар суу сактагычынын курулушунда иштеген жумушчулар эки айдан бери айлык ала албай жатканын билдирди. Президент төлөмдөрдүн кечигүү себебин тактоону тапшырды. Ага тендерден утуп алган компания айлык акыларды төлөбөй жатканы маалымдалды.
Ошондой эле аял кыш мезгилинде айылдагы соода дээрлик токтоп каларын айтып, ишкерлерге насыя төлөө мөөнөтүн бир-эки айга жылдырууну өтүндү. Президент Экономика министрлигине бул маселени карап чыгууну тапшырды.