Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Токтогул ГЭСинде 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда.
"Электр станциялар" ишканасынан билдиришкендей, негизги көңүл энергосистемага жүктөм көбөйгөн учурда станциянын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыздоого бурулууда.
Адистер кыш мезгилинде гидроэнергетикалык жабдуулардын туруктуу иштеши үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат.
"Электр станциялары" ААК энергетикалык объектилердин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөнүн энергосистемасынын туруктуу иштешин камсыздоо боюнча иштерди улантууда.