Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, эскертүүлөр берилди

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан өлкө аймагындагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иш-чаралары улантылууда.

Анын алкагында курулуш иштеринин бекитилген долбоордук документтерге, архитектуралык-шаар куруу корутундуларына, курулуш ченемдерине жана эрежелерине шайкештиги, ошондой эле аткарылып жаткан иштердин белгиленген талаптарга ылайыктуулугу текшерилүүдө.

Мындан тышкары, объектилерде “нөл цикли” боюнча талаптардын сакталышы, курулуш аянттарынын айланасын көрктөндүрүү иштери, ошондой эле курулуш техникасынын дөңгөлөктөрүн жууган атайын жайлардын уюштурулушуна өзгөчө көңүл бурулууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында онго жакын объектидеги иштердин абалы каралып, курулуш ченемдерин жана белгиленген талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди.