Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Бишкекте 18-ноябрда "Илбирс фонду" коомдук фондуна илбирсти жана анын азык базасын байкоого арналган үч даана кесипкөй дүрбү тапшырылды. Бул тууралуу Nomad Sport спорттук уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдуулар 2025-жылы өткөн Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышынан түшкөн каражатка алынган. Ага 5,5 миң адам катышкан.
Дүрбүлөр корукчуларга жапайы жаныбарларды алыстан, аларды тынчын албай байкоого жана санын так эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Жабдууларды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте бөлүштүрүү пландалууда. Беш-Арал, Кан-Ачуу жана Кулун-Ата коруктарына берүү каралууда.