Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бишкектеги Дубовый паркта 19-25-октябрь күндөрү Эл аралык ак илбирс күнүнө карата “Global Snow Leopard AR Hunt” интерактивдүү квести өтөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Snow Leopard Trust уюмунун колдоосу менен уюштурган иш-чарага каалоочулардын баары катыша алат.
Ведомствонун маалыматына караганда, ага катышуу үчүн ARLOOPA тиркемесин ачып, картада белгиленген багыт боюнча жүрүү керек. Катышуучулар парктын аймагында ак илбирстин 3D-моделин көрүп, ал тууралуу маалымат алып, виртуалдык жаныбар менен сүрөткө түшө алышат.
Уюштуруучулар катышуучуларды сүрөттөрүн социалдык тармактарга #23for23 хештеги менен жарыялоого чакырат.
Белгилей кетсек, 23-октябрь — Кыргызстандын демилгеси менен БУУ тарабынан белгиленген Эл аралык ак илбирс күнү.