Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында 9-ноябрда БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) ачылышы өттү. Ага 190дон ашык мамлекеттин делегациялары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана глобалдык климаттык процесстин башка катышуучулары чогулду.
Ачылыш аземине Кыргызстандын президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев катышты.
Пленардык жыйындын ачылышында Конференцияга төрагалык кылуу Бразилиядан Түркияга жана Австралияга өттү. Алар алдыдагы мезгилде COP31 процессине жетекчилик кылышат.
Кыргызстандын даярдык көрүү жана дипломатиялык ишинин маанилүү натыйжасы катары COP31дин күн тартибине тоо тематикасын интеграциялоо маселесин илгерилетүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын көмөкчү органдарынын 2027 жана 2028-жылдардагы сессияларында (SB66 жана SB68) тоолор жана климат боюнча бир катар диалогдорду өткөрүү каралган. Ошондой эле тоо маселелери Илимий-техникалык консультациялар боюнча көмөкчү органдын (SBSTA 66) алкагында изилдөөлөр боюнча диалогдо каралат. COP31дин алкагында тоо маселелерине арналган көп тараптуу саясий консультациялар COP31 төрагалыгынын жетекчилиги астында өткөрүлөт.
9-ноябрда Кыргызстан Непал, Бутан жана башка өнөктөштөрдүн (ICIMOD, Zoï Environment Network, Тоо өнөктөштүгү) катышуусунда "Адаптацияны каржылоо аркылуу тоолуу аймактардын туруктуулугун чыңдоо" темасында тематикалык иш-чара уюштурду. Анда атайын өкүл Динара Кемелова сөз сүйлөп, тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы координацияны күчөтүүнүн, алардын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары жана демилгелери, Ысык-Көлдү сактоо фондун түзүү жөнүндө маалымат берип, катышуучуларды "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
11-12-ноябрда Конференциянын алкагында Лидерлер саммити өтөт. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусу пландаштырылууда.
Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрына чейин уланат.
Конференциянын ишине Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес жана коомдук чөйрөлөрдүн делегациялары да катышууда.