Талас токой чарбасында көчөттөр жаңы ыкма менен өстүрүлө баштайт

Аймак
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.44 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.05.46.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас токой чарбасынын жазгы көчөт отургузуу мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, анда министр көчөтканалардагы көчөттөрдүн абалын, токой үрөндөрүн жана көчөттөрдү сактоочу муздаткычты көрүп чыкты.

Жолугушууда көчөттөрдү жабык тамыр системасы менен өстүрүүгө өткөрүү, сапаттуу көчөттөрдү даярдоо, үрөндөрдү туура сактоо жана жазгы токой отургузуу иштерине өз убагында кам көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Талас токой чарбасы 1947-жылы түзүлгөн. Учурда анын жалпы аянты 36 миң 807 гектарды түзөт. Анын 18,6 пайызына токой өстүрүлгөн.

Ал эми Кыргызстан боюнча токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзүп, өлкө аймагынын 6,4 пайызын ээлейт.