Акыл Токтобаев тоо-кен тармагындагы талаптар тууралуу маалымат берди

Коом 10 октябрь 2026 11:44

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун тоо-кен тармагындагы кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгынын алкагында бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.

Анын айтымында, тоо-кен компанияларында кызматкерлердин кеминде 90%ы жергиликтүү тургундардан турушу керек. Ошондой эле компаниялар сатып алган товарлардын 80%дан кем эмеси Кыргызстандын аймагынан алынууга тийиш. Министр бул талаптар учурда тоо-кен компанияларында аткарылып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, жаңы иштетилип жаткан кендерде мамлекеттин үлүшү каралган.

Министрдин белгилегендей, мамлекеттин атынан катышкан компаниялар мындай кендерде кеминде 30% үлүшкө ээ. Ал кендер жеке же үчүнчү тараптарга мамлекеттин үлүшүсүз берилбей турганын кошумчалады.

Ошондой эле кендерди жөнгө салууга багытталган президенттин №340 жарлыгы коомдук талкуунун жыйынтыктарын, эксперттердин сунуштарын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыкканын билдирди.