Климаттын өзгөрүшү: БУУда тоолуу аймактардын көйгөйлөрү каралды

Экология 24 сентябрь 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.39.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.40.04.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.40.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.40.14.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.39.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.40.04.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.40.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 16.40.14.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чараларды көрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынга катышты.

Министрликтен билдиришкендей, жыйында Париж келишимин ишке ашырууну тездетүү, эл аралык климаттык кызматташтыкты чыңдоо, энергетикалык системалардын адилеттүү өтүшү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жана технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле мөңгүлөрдүн тез эриши, суу ресурстарынын өзгөрүшү жана климаттык тобокелдиктердин күчөшүнө дуушар болгон тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.