Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптардын 31-конференциясында (COP31) климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык инвестицияларды тартуу жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, конференциянын алкагында "Кыргыз Республикасындагы климаттык инвестициялар: тармактык артыкчылыктардан долбоорлорду ишке ашырууга чейин" аттуу панелдик сессия өткөрүлдү.
Анда гидроэнергетика, суу ресурстарын башкаруу, органикалык айыл чарба, кайра жаралуучу энергия булактары жана тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу багыттарына инвестиция тартуу маселелери каралды.
Ошондой эле климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эл аралык финансылык институттар менен кызматташуу жолдору талкууланды.
Сессияга мамлекеттик органдардын, инвестициялык компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.