Климаттын өзгөрүшү бир катар оорулардын көбөйүшүнө алып келүүдө – дарыгер

Ден соолук
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын, аллергиянын жана бронхиалдык астманын көбөйүшүнө таасир этүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясынын (COP31) алкагында билдирди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир этип, күндүн адаттан тыш ысышы ар кандай оорулардын күчөшүнө алып келүүдө. Айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, улгайган адамдар жана балдар климаттык өзгөрүүлөрдүн терс таасирине көбүрөөк дуушар болушат.

“Кыргызстанда өлүмдүн жалпы көрсөткүчүнүн 50 пайызын жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт. Мындан тышкары, балдар арасында аллергия жана бронхиалдык астма учурлары да катталып жатат. Аба ырайынын өзгөрүшү, күндүн кескин ысышы кан басымдын жогорулашына жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Абанын чаңдашы аллергиялык реакцияларды пайда кылып, дем алуу органдарынын ооруларын күчөтүүдө. Бул өзгөчө балдардын ден соолугуна тынчсызданууну жаратат”, – деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, климаттын өзгөрүшү бир гана оорулардын көбөйүшүнө эмес, сел, суу ташкындары жана башка табигый кырсыктардын келип чыгуу тобокелдигине да байланыштуу. Мындай кырдаалдарда калктын ден соолугуна, өмүрүнө жана өлкөнүн инфраструктурасына зыян келиши мүмкүн.

“Биз биринчи кезекте жарандарыбыздын ден соолугун ойлоп, аларга кам көрүшүбүз керек. Ошол эле учурда медициналык кызматкерлер жана тиешелүү мамлекеттик органдар ар кандай кырдаалдарга даяр болушу зарыл. Бул үчүн азыртадан баштап окутууларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүп, калкка маалымат жеткирүүнүн жаңы санариптик ыкмаларын колдонуу маселесин карашыбыз керек. Мисалы, суу каптоо же сел жүрүү коркунучу жаралганда жарандар кандай аракеттерди көрүшү керектигин алдын ала билиши маанилүү”, – деп белгиледи Гүлбара Ишенапысова.

Ал кошумчалагандай, мындай иштер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан гана эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлүшү керек.

Ошондой эле Гүлбара Ишенапысова COP31 конференциясынын алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын иш-чаралар өткөрүлгөнүн маалымдады.

Анын айтымында, 11-ноябрда COP31дин алкагында Кыргызстандын улуттук павильонунда министрлик тарабынан уюштурулган иш-чаралардын негизинде өлкөдө климаттын өзгөрүшүнүн саламаттык сактоо тармагына тийгизген таасири, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана бул багыттагы сунуштар тааныштырылган.

“Биз COP31 аянтчасын пайдаланып, Кыргызстандын маанилүү маселелерин эл аралык деңгээлде көтөрүп жатабыз. 11-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын иш-чараларды өткөрүп, улуттук павильондо долбоорлорубузду тааныштырдык жана сунуштарыбыз менен бөлүштүк. Бул иш-чаралар жемиштүү өттү деп эсептейм”, – деди ал.