Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Агартуу министрлигинин делегациясы Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышууда.
Ведомствонун маалыматына караганда, делегацияны министрдин орун басары Надира Жусупбекова жетектөөдө.
Конференциянын алкагында Кыргызстандын павильонунда "Жашыл көндүмдөр жана келечектин кесиптери: туруктуу өнүгүүдөгү кесиптик лицейлердин ролу" аттуу тематикалык иш-чара өткөрүлөт. Анда кесиптик лицейлердин жашыл экономика үчүн адистерди даярдоо тажрыйбасы тааныштырылат.
Бул багыт кайра жаралуучу энергетика, энергияны үнөмдөөчү курулуш, климатка туруктуу айыл чарба, айлампалык экономика жана аз көмүртектүү транспорт тармактарын камтыйт.
Мындан тышкары, Надира Жусупбекованын катышуусунда жашыл экономика үчүн кадрларды даярдоо жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулар пландалган.
11-ноябрда делегация Анталиядагы Али Бахар атындагы техникалык колледждин ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда лифт адистерин, слесарларды, ширетүүчүлөрдү жана башка техникалык кесиптердин өкүлдөрүн даярдоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) өкүлү менен баштапкы кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралууда.