Анталия, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерине туруштук берүү боюнча эксперттердин баамында 10 жылда 20-25 млрд доллар каражатка муктаж. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясында (COP31) билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу иш-чаралар планын ишке ашырууга жумшалат.
“Тиешелүү эл аралык эксперттер менен биргеликте Кыргызстандын УДАС 3.0 документи иштелип чыккан. Бул Улуттук деңгээлде аныкталган салым деп которулат. Бул документ өлкөнүн 2035-жылга чейин парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча негизги милдеттенмелерин аныктайт. Кыргызстан бул стратегиялык планды 2025-жылдын күзүндө бекитип, эл аралык коомчулукка сунуштаган. Бул документ климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу биздин келечектеги 10 жылдык иш-чара планыбыз. Ошол даярдалган документтин алкагында кийинки 10 жылга эксперттердин баамында мамлекеттин өзүнүн салымы менен кошкондо бизге жалпысынан 20-25 млрд АКШ доллары керектелет. Эгерде донорлордун эсебинен ишке ашыра турган болсок, анын ичинен донорлор тарабынан 15 млрд доллар талап кылынат. Бул каражаттарды табуу үстүндө иштеп жатабыз”, - деди Акыл Токтобаев.
Министр Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө кошкон салымы 0,034 пайызды гана түзгөнү менен, өлкө анын кесепеттерине бир топ деңгээлде дуушар болуп жаткан мамлекеттердин катарына кирерин белгиледи. Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү селдердин күчөшүнө, абанын температурасынын жогорулашына, суулардын тартылышына жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келүүдө.
Токтобаев Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесине да токтолду. Анын маалыматына ылайык, бул демилгени президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында көтөрүп, фондго 10 млн доллар бөлүнөрүн билдирген.
“Изилдөөлөргө ылайык, акыркы 100 жылда Ысык-Көлдүн деңгээли 14 метрге чейин төмөндөгөн. Кезинде Ысык-Көлгө 100дөн ашык суу куюлуп турса, азыркы күндө болгону 30-33төй болуп калды. Ушундан улам көлдү сактап калуу максатында президенттин демилгеси көтөрүлүп, БУУнун трибунасынан атайын эл аралык трасттык фонд түзүү сунушу айтылды. Бул маселени чечүү максатында президент Садыр Жапаров атайын трасттык фондго 10 миллион доллар бөлүнөрүн билдирген”, - деди министр.
Ал белгилегендей, учурда БУУнун тиешелүү уюмдары жана түзүмдөрү менен иш улантылып, келишим түзүү алдында турат. Келишим түзүлгөндөн кийин Ысык-Көлдү сактоо боюнча иш башталып, атайын концепция иштелип чыгат.
“Ысык-Көлдү сактоо боюнча концепцияны биз иштеп чыгышыбыз керек. Баштапкы этапта 10 млн доллар каражат бар, бирок, албетте, бул жетишсиз. Биз башка фонддордон да каражат тартуу менен ишти алдыга жылдырууга аракет кылабыз”, - деди министр.
Эскерте кетсек, Түркиянын Анталия шаарында 9-20-ноябрга чейин БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясы (COP31) өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган Кыргызстандын расмий делегациясы катышууда.