Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптар конференциясынын 31-сессиясынын (COP31) алкагында мектептерде экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча улуттук демилгелерин тааныштырды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 12-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өткөн конференциянын алкагында эки тематикалык сессия уюштурулду. Анда ”Жашыл мектеп“ улуттук модели сунушталып, климаттык билим берүүнү окуу программаларына киргизүү, окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө маселелери талкууланды.
Ошондой эле мектептерде күнөсканаларды жана бакчаларды өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу, мөңгүлөрдү изилдөө жана суу ресурстарын коргоодо заманбап технологияларды пайдалануу багыттары каралды.
Сессиялардын бирине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да катышып, Кыргызстандын экологиялык билим берүү жаатындагы демилгелери менен таанышты.
Иш-чаралар Агартуу министрлиги тарабынан ICESCO жана Cambridge University Press & Assessment сыяктуу эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулду.