COP31: Кыргызстан саламаттык сактоо маселесин көтөрдү

Ден соолук

Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Кыргызстан Анталья шаарында өтүп жаткан Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун COP31 конференциясында климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү боюнча улуттук тажрыйбасын тааныштырды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын павильонунда министрлик тарабынан уюштурулуп, анда климаттын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана медициналык мекемелердин даярдыгын күчөтүү маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор түзөрүн белгилеп, климаттын өзгөрүшү өлкө үчүн экологиялык гана эмес, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы да олуттуу чакырык экенин айтты.

Иш-чарада аптаптуу ысыктын, катуу сууктун жана экстремалдык аба ырайынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, ошондой эле тоолуу аймактардагы жамааттарды климаттык тобокелдиктерден коргоо жолдору сунушталды.

Кыргызстандын COP31ге катышуусу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук тажрыйбаны жайылтууга багытталган.