Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Тоң токой чарбасына жазгы токой отургузуу иштерине сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, министр Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында токой чарбасынын ишмердүүлүгү жана көчөтканадагы көчөттөрдүн абалы менен таанышты. Ал көчөттөрдүн түрлөрүн көбөйтүп, сапатын жакшыртуу жана өстүрүү технологияларын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле токой чарбасынын кирешесин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, өлкө боюнча 1 миллионго жакын көчөт отургузулат.