Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чаткал токой чарбасынын иши жана көчөтканасынын абалы менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр көчөттөрдү жабык тамыр системасы менен өстүрүүгө өткөрүү жана "Жашыл мурас" долбоорун сапаттуу көчөттөр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.
Белгиленгендей, Чаткал токой чарбасына 2026-жылы 25 гектар жерге экме токой отургузуу планы коюлган. Бул аянтка 14 миң 500 көчөт отургузулуп, айланасы тосулган.
1994-жылы уюшулган токой чарбасынын жалпы аянты 35 миң 292,3 гектарды түзөт.