Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Алай районунун Тилектеш айыл аймагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2 миң түп кара өрүктүн көчөтү отургузулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчөттөр Аксы районунан алып келинген. Алар жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташкан кара өрүктүн Стенлей сорту болуп саналат.
Жалпысынан Алай районуна аталган сорттогу 3 миң түп көчөт жеткирилген. Калган көчөттөрдү Курманжан датка жана Жибек жолу айыл аймактарына отургузуу пландалууда.
Демилгенин максаты — мөмө-жемиш бактарын көбөйтүү, багбанчылыкты өнүктүрүү жана жергиликтүү тургундар үчүн кошумча киреше булагын түзүү.
Белгилей кетсек, райондо кара өрүктүн Стенлей сортун өстүрүүнү кеңейтип, анын айдоо аянтын келечекте 200 гектарга жеткирүү пландалууда.