Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Алай районунда Гүлчө шаарынын түзүлгөндүгүнүн 1 жылдыгына жана Алымбек датканын 226 жылдыгына арналган салтанат өттү.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жаңы стадиондогу маарекелик иш-чара театрлаштырылган оюн-зооктор жана спорттук мелдештер менен коштолду.
Салтанатта жергиликтүү элди куттуктаган депутат Улан Примов Гүлчө шаарынын келечеги кең экенин белгиледи.
“Алай эзелтен көчмөн элдин көрөңгөлүү турагы болуп, Алымбек датка баштаган улуу инсандары менен өзгөчөлөнүп келген. Мындан ары да Алай жергесинен кыргызды кыйырга тааныткан мыкты уул-кыздар өсүп чыгып, Гүлчө шаары гүлдөгөн калаага айланат деп ишенем”, – деди эл өкүлү.
Ошондой эле өзү демилгелеп уюштурган грек-рим күрөшү боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырып, алардын жетишкендиктери жалпы элдин сыймыгы экенин кошумчалады.