Алайдын төрт айылында таза суу тутумунун курулушу аяктоодо

Аймак 28 август 2026 11:55
Алайдын төрт айылында таза суу тутумунун курулушу аяктоодо

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарында таза суу тутумунун курулушу 95 пайызга аткарылды.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 24 чакырым болгон ички жана магистралдык суу түтүктөрү тартылып, 50 куб метрлик эки жана 100 куб метрлик бир суу резервуары курулду.

Учурда суу түтүктөрүн жеке турак үйлөргө киргизүү жана курулуш-монтаждоо иштеринин акыркы этабы жүргүзүлүүдө.