Эми 25 кабаттан бийик үйлөр жаңы техникалык талаптар менен курулат

Коом
Эми 25 кабаттан бийик үйлөр жаңы техникалык талаптар менен курулат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы изилдөөлөргө ылайык, жаңы курулуш нормалары боюнча монолиттик имараттарды 25 кабатка чейин курууга уруксат берилет, ал эми андан бийик имараттар үчүн атайын техникалык шарттар иштелип чыгат. Бул тууралуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директорунун орун басары Астанбек Дүйшеев жергиликтүү радиолордун биринде билдирди.

Анын айтымында, имараттардын кабаттуулугу курулуш нормаларына ылайык, конструкциялык системасына жана аймактын сейсмикалык абалына жараша аныкталат.

“Союз учурунда каркас имараттарды 12 кабатка, монолиттик имараттарды 18 кабатка чейин курууга уруксат берилген. Ал эми учурда жаңы изилдөөлөрдүн негизинде курулуш нормалары жаңыланып, монолиттик имараттардын уруксат берилген кабаттуулугу 25 кабатка чейин жогорулатылган.
Эгер имараттын кабаттуулугу белгиленген 25 кабат нормадан ашса, атайын техникалык шарттар иштелип чыгат. Мисалы, 27 кабаттуу имарат куруу пландалса, институт тарабынан тиешелүү техникалык шарттар даярдалып, кардарга берилет. Долбоор ошол шарттардын негизинде иштелип чыгып, курулуш жүргүзүлөт. Мындай учурда имараттын сейсмологиялык туруктуулугу атайын техникалык шарттарга ылайык бааланат", - деди Дүйшеев.

Ошондой эле ал институт тарабынан 2026-жылдын сентябрь айында 74 объекттин сейсмикалык туруктуулугу боюнча инженердик-техникалык корутунду берилгенин маалымдады. Анын ичинен 39 имаратты реконструкциялоо же бекемдөө боюнча корутунду чыгарылган. Калган объекттердин техникалык абалы бааланган.