Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Ноокат районундагы Каранай айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу толук аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган.
"Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага жалпы 164 млн сом жумшалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жаңы имараттын жалпы аянты 3 миң 209 чарчы метрди түзөт. Ал үч блоктон туруп, окуу корпустарын, жыйындар залын жана спорт залды камтыйт. Имарат үч жана эки кабаттуу болуп курулган.