Ноокатта жаңы бала бакча курулууда

Аймак
Ноокатта жаңы бала бакча курулууда
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Толман айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 69 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча бала бакча бир кабаттуу болуп курулууда. Анда бөбөктөрдүн тарбияланып, билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат.

Объекттин курулуш иштери былтыр октябрь айында башталган. Учурда имараттын чатырын жабуу иштери башталды.