Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Манас шаарына караштуу Доскана айылында "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында 5 гектар жерди жашылдандыруу иштери башталды.
Манас шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, учурда коммуналдык кызматкерлер бөлүнгөн аймакты тосуу иштерин жүргүзүп жатышат.
"Алдыда бул жерге 5 миң түп бадам жана мисте көчөтү отургузулуп, 30 миң даана урук себилет", - деп айтылат маалыматта.