Манас шаарында 9 айда 45 чакырым жол асфальтталды

Аймак
Манас шаарында 9 айда 45 чакырым жол асфальтталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Манас шаарында 2026-жылдын тогуз айында 45 чакырым жол асфальтталып, 9,8 чакырым тротуар төшөлдү. Бул туралуу президент Садыр Жапаровго шаарды өнүктүрүү боюнча берилген маалыматта айтылды.

Ошондой эле сегиз чакырым көчө жарыктандырылды. Мындан тышкары, 31,99 чакырым суу түтүгү жана 11,8 чакырым канализация тармагы тартылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолукту.