Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Манас шаарынын бюджети былтыр 7 млрд 493 млн сом өлчөмүндө бекитилсе, жылдын жыйынтыгы менен 15 млрд 400 млн сомду түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушканда айтылды.
Анда белгиленгендей, 2021-жылы шаардын бюджети 544 млн сом болгон.
Быйыл шаардагы капиталдык курулуш, оңдоо, жол инфраструктурасы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация тармактарындагы 13 объект үчүн болжол менен 1,5 млрд сом каралган.