Манаста 1000ден ашык ипотекалык батир колдонууга берилди

Министрлер кабинети
892457243_1587382160083601_5855614873719533032_n.jpg
892188117_1587383810083436_7527945930036053016_n.jpg
886771215_1587381703416980_8013427757943481791_n.jpg
885363183_1587382293416921_1104733435538496188_n.jpg
886294018_1587381970083620_7232469611862828133_n.jpg
891844467_1129189569481522_4135793516705808619_n.jpg
890792230_29457182600639312_2860930441588748997_n.jpg
885185441_1587382096750274_4473505900351285331_n.jpg
886578081_1587383636750120_2655546383331433789_n.jpg
887052863_1587381900083627_1463332181738066643_n.jpg
890121595_1587382066750277_394113512838077887_n.jpg
883415819_1587381830083634_4269117150172339398_n.jpg
886376915_1587382203416930_2371050598564493478_n.jpg
886950216_1587381930083624_4625089031955718192_n.jpg
887878584_1587381883416962_7045485859756840792_n.jpg
886553295_1587382026750281_1056552077491172090_n.jpg
887213376_1587382003416950_481311071411707024_n.jpg
890121601_1587383696750114_3198379009187682007_n.jpg
884397304_1587383660083451_4752384400321686436_n.jpg
892093294_1587381723416978_8169808839369175259_n.jpg
879595750_1587383763416774_8981793995169169278_n.jpg
892060723_1587381800083637_500292450674604663_n.jpg
886707098_1587383736750110_2397313733937532458_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында "Асман Резиденс-7" турак жай комплексинин ачылышына катышып, Жалал-Абад облусундагы 16 объекттин ачылышына онлайн күбө болду.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Манас шаары күн санап жаңыланып, бийиктикке карай өсүп жатканын белгиледи. Бүгүн жүздөгөн үй-бүлөлөр жаңы батирлеринин ачкычтарын алышат.

"Асман Резиденс-7" – 15 кабаттуу, 12 блоктон турган, 1065 батирлүү комплекс. Минкаб төрагасы мамлекеттик ипотекалык программа турак жайды мүмкүн болушунча жарандар үчүн жеткиликтүү кылуунун негизги жолдорунун бири экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, Адылбек Касымалиев мамлекет башчысы Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу милдетин койгонун белгиледи. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу бул максатты ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Шаар келечекте соода, өндүрүш жана транспорттук байланыштардын ири борборлорунун бирине айланып, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун жана жалпы түштүк аймагынын экономикалык өсүшүнө түрткү берүүгө тийиш.

"Биз күчтүү мамлекетти бекем үй-бүлөлөр аркылуу курабыз", – деди Адылбек Касымалиев.

Жыйынтыгында минкаб төрагасы жаңы конуш ээлерин куттуктап, жаңы батирлер үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун тиреги болоруна ишеним билдирди.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунда 16 объект онлайн форматта ачылды. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары, Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8" жана Сузактагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жайлары бар.