Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Манас шаарынын 149 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы шаар тургундарын президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан Манас шаарынын күнү менен куттуктады.
Адылбек Касымалиев бүгүн Кыргызстан чоң өзгөрүүлөрдүн жолунда экенин, 2027-жылы ИДПнын көлөмү 3 трлн сомго жетип, консолидацияланган бюджет 1 трлн сомдон ашарын белгиледи. Жалал-Абад облусу Кыргызстандын энергетикалык тиреги экенин, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жана Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу аймактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатканын баса белгиледи.
”Бийиктикке карай өсүү менен Манас шаарынын жаңы доору башталды! Манас шаары – сырттагы мекендештерибиз кайтып келип, өз келечегин кура турган куттуу шаар болсун! Улуу Манастын ысымын алып жүргөн шаарыбыздын келечеги кең, элинин ырыскысы мол болсун! Ырыс алды – ынтымак!” — деди Адылбек Касымалиев.
Минкаб төрагасы шаардын тарыхы 149 жыл менен чектелбестигин белгиледи. Шаардын расмий тарыхы 1877-жылдан башталат, 2025-жылы шаар «Манас» деп аталды. Бул өрөөн – баатырлардын жана залкар акындардын мекени.
Майрам күнү Жалал-Абад облусунда 18 социалдык жана өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди. Алгачкы үч ”Асман Резиденс” комплексинде 1224 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды. ”Асман-Резиденс-7“ жана ”Асман-Резиденс-8” комплекстеринде дагы 1 740 батирдин курулушу аяктады. Азыр шаарда 5 320 батирге ылайыкталган жаңы турак жайлар курулуп жатат. Ошондой эле 3 мектеп жана ”Акылман“ лицейи, жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди. Дагы 5 мектеп менен 2 бала бакча, бассейни бар 5200 орундуу спорт сарайы, музей жана жаңы ”Жалал-Абад“ эл аралык аэропорту салынууда.
Жыйынтыгында минкаб төрагасы шаардын өнүгүшүнө эмгегин арнаган ардагерлерге, куруучуларга, ишкерлерге жана бардык шаардыктарга ыраазычылык билдирип, шаардыктарды дагы бир жолу куттуктап, ынтымагыбыз бекем, элибиз аман, жерибиз берекелүү болсун деген тилегин билдирди.