Кыргызстанда токойлор 1,2 млн гектардан ашык аянтты ээлейт

Коом 30 сентябрь 2026 13:15
Кыргызстанда токойлор 1,2 млн гектардан ашык аянтты ээлейт
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1993-жылга салыштырмалуу 506,3 миң гектарга көбөйүп, учурда 1 млн 273 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 млн 540 миң гектар болсо, анын 799,5 миң гектарын токой ээлейт.

Өлкөдө токойлорду коргоо жана башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, бир токой-аңчылык чарбасы жана токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт.

Кыргызстандын токойлору негизинен карагайлуу, арчалуу, жаңгак-мөмөлүү жана башка өсүмдүк зоналарына бөлүнөт. Алар экологиялык тең салмактуулукту сактоого, абанын сапатын жакшыртууга, суу процесстерин жөнгө салууга жана топуракты эрозиядан коргоого маанилүү салым кошот.

Министрлик жарандарды токойлорго аяр мамиле жасап, жаратылышты булгабоого жана токой байлыктарын коргоого чакырды.