Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Нарын облусунун тургуну президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда токой аянттарын көбөйтүү максатында көчөт отургузуу демилгесин сунуштады.
Анын айтымында, өлкө аймагында 1 млн 200 миң бадал баскан аянт бар. Жайыт катары кирип калган бул жерлерге көчөт отургузуу зарыл.
"Мөңгүнү токойлор гана сактап калат. Ошондуктан токойлорду көбөйтүшүбүз керек", - деди ал.
Тургундун суроосуна жооп берип жатып мамлекет башчысы жайыт жана токойлордун абалы менен таанышуу үчүн жакында кыдыруу иштери жүргүзүлөрүн белгиледи.
"Октябрдан тартып куурайлар баскан жерлерге дарылар себилет. Жайлоолорго уруктар чачылат. Ал жерлердин аянттарын 50 миң, 100 миң гектарга чейин көбөйтөбүз", - деп айтты президент.
Белгилей кетсек, жыл сайын 10 миң гектар жерге урук чачылып келет. Учурда 186 тонна урук даяр экени айтылды