Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Токой — жаратылыштын баа жеткис байлыгы, өлкөбүздүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо өзгөчө мааниге ээ болгон жаратылыш ресурсу. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин Токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктаган куттуктоосунда айтылат.
Министр анда жаратылыштын байлыгын коргоо, сактоо жана келечек муундарга жеткирүү — чоң жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана эмгекчилдикти талап кылган маанилүү милдет экенин да белгиледи.
"Токой чарбасынын кызматкерлери жыл бою ар кандай шарттарда эмгектенип, токойлорду өстүрүү, калыбына келтирүү, коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында үзүрлүү иштерди аткарып келишет. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында өлкөбүздүн жаратылыш байлыгы корголуп, токой экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга маанилүү салым кошулууда.
Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарына болгон басымдын күчөшү шартында токойлорду сактоо жана көбөйтүү өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта токой тармагынын ар бир кызматкеринин эмгеги мамлекет жана коом үчүн баалуу.
Ушул кесиптик майрамда сиздерге талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Токойлорубуз жашылданып, жаратылышыбыз байып, өлкөбүздүн экологиялык келечеги кең болсун!", — деп билдирди Акыл Токтобаев.