Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Нарын шаарынын Чоң-Чыргайлуу жана Төш-Булак аймактарында сел тосмолорун куруу иштери башталды.
Мэриядан билдиришкендей, Нарын шаарынын мэриясынын долбооруна ылайык, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын колдоосу менен сел түшүү коркунучу бар 4 коктуга сел тосмо салынат.
Турак жайларды, жолдорду жана шаардык инфраструктураны селдин кесепетинен коргоо, климаттык тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуу максатындагы долбоор башталып, учурда куруу иштери жүрүүдө.
Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын каржылоосунда РТС чөлкөмүндөгү "Жетиген", Ак Коргон аймагындагы Чоң-Чыргайлуу, Атакан коктусуна жана Бейшеналиев көчөсүндөгү "Суу сактагыч" коктусуна таш менен толтурулган тор тосмолор курулат.