Нарында 30 откана калааны жылуулук менен камсыздоодо

Аймак
Нарында 30 откана калааны жылуулук менен камсыздоодо
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Нарын шаарында 30 откана аркылуу калкка жана социалдык-экономикалык объектилерге жылуулук берилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда бардык отканаларда жылуулук өндүрүү талапка ылайык жүргүзүлүп, жаралган көйгөйлөр өз убагында чечилүүдө.

Отканалардын иши шаар мэринин көзөмөлүндө болуп, атайын комиссия тарабынан мезгил-мезгили менен текшерилип турат. Ошондой эле жылытуу мезгилине керектүү көмүр белгиленген нормаларга ылайык сатып алынган.