Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда күзгү экологиялык “Jashyl Dem Fest — KUZ 2026 — National green day” фестивалынын алкагында өлкөнүн үч аймагында он миңдеген көчөттөр отургузулуп, жаратылышка кам көрүү ар бир адамдын колунан келери иш жүзүндө далилденди. Бул тууралуу “Жашыл дем” экологиялык кыймылынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, масштабдуу күзгү фестиваль Бишкек шаарында, Кеминде жана Манас шаарында өткөрүлдү. Бишкек шаарындагы "Карагач токою" паркында 15 миң–20 миң кара жыгач көчөтү, Кеминдеги Ак-Түз аймагына 4 миңден ашык ак кайың жана карагай көчөттөрү, Манас шаарына 15 миңден ашык кара жыгач көчөтү отургузулду.
Фестиваль өлкөнү жашылдандырууга кеңири коомчулукту тартуу, жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жана жашыл келечек үчүн жалпы жоопкерчиликти бекемдөө максатын көздөйт.
Уюштуруучулар белгилешкендей, фестиваль мамлекет, бизнес, коомчулук жана жарандардын биргелешкен аракети менен ийгиликтүү ишке ашты.
"Фестивалдын ийгилиги — “Жашыл дем” командасынын, ыктыярчылардын жана өнөктөш компаниялардын биргелешкен эмгегинин натыйжасы. Мындай масштабдагы иш-чараны жалгыз өткөрүү мүмкүн эмес. Бул демилгени колдоп, аны ишке ашырууда жоопкерчиликти биз менен тең бөлүшкөн бардык өнөктөштөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Алардын салымы — бул жөн гана уюштуруучулук жардам эмес, өлкөнүн жашыл келечегине кошулган реалдуу инвестиция. “Жашыл дем” — муундарды бириктирген кыймыл. Өнөктөштөрүбүз менен биргеликте жаратылышка аяр мамиле кылуунун жаңы улуттук салтын калыптандырууга салым кошуп жатабыз", — деди "Жашыл дем" экологиялык долбоорунун директору Исражидин Зарипов.
Уюштуруучулар экологиялык демилгени колдоп, өлкөнү жашылдандырууга жоопкерчилик менен мамиле кылган бардык компанияларга ыраазычылык билдиришти.
Мындай өнөктөштүк демилгелердин кеңири жайылышына, көп адамдын катышуусуна жана жашылдандыруу иштеринин жаңы аймактарды камтышына өбөлгө түзөт.