Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Нарын шаарында 20 миң адамга ылайыкталган саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу 30%га аткарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Нодира Мансурова баштаган өнөктөштөргө курулуш иштеринин жүрүшүн тааныштырды.
Жаңы жайда саркынды суу механикалык, биологиялык жана химиялык ыкмалар менен үч этапта тазаланат.
Ошондой эле шаардын чыгыш жана батыш бөлүктөрүндө жаңы канализация тутумуна кошулуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, эки аймакта канализациялык насостук станциялар курулду.
Долбоор Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын жаңылоо иштеринин экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылууда.