Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. 2027-жылдагы Эгемендик күнү Нарын шаарында белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө аймактарды ырааттуу өнүктүрүү максатында ар жылы Эгемендик күнүн ар бир облустун борборунда өткөрүү салтка айланганын айтты.
"Өзүңүздөр билгендей, быйыл Таластагы Көз карандысыздык майрамында келерки жылы Эгемендик күнүн сиздердин Нарын шаарында белгилөөнү жар салдым. 2027-жылы Нарын облусун ар тараптан өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Жети облус тең өз-өзүнчө кут төгүлгөн, өз-өзүнчө артыкчылыкка ээ.
Мал киндиктүү Нарын жергесинде мал чарбачылыгы, туризм баштаган бир катар тармактарды өнүктүрүү пландарыбыз бар. Кудай буюрса, 2027-жылы Эгемендик күнүнө карата сиздердин облуста дагы бир топ өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр орун алат", - деп белгиледи президент.