Нарын шаарынын 158 жылдыгы: Майрамдык концерт өтөт

Аймак 5 октябрь 2026 09:55
Нарын шаарынын 158 жылдыгы:  Майрамдык концерт өтөт

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. 7-октябрда Нарын шаарында калаанын 158 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чара саат 18:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталат.

Майрамдык концерттин алкагында белгилүү өнөр адамдары жана эстрада ырчылары, ошондой эле Нарын облусунан чыккан ышкыбоз таланттар өнөрүн тартуулашат.

Концерт жаңы көчмө сахнада өткөрүлөт.