Анталия, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын демилгеси менен жарыяланган 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүгө маанилүү негиз түздү. Бул тууралуу Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу Тараптардын 31-конференциясынын (COP31) алкагында “Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр, криосфера жана глобалдык жылуулануу белгиленген чектен ашкан шартта туруктуулукту камсыз кылуу, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо” аталган жогорку деңгээлдеги иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Алгач, өз сөзүндө эл аралык тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү боюнча биргелешкен аракеттер үчүн өнөктөштөргө жана иш-чараны биргелешип уюштурган Тажикстан, Пакистан, Бутан жана Непалдын жетекчилилерине ыраазычылык билдирди.
“Тоолор бүткүл планетабыздын жашоосунда өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Дал ушул тоолордо миллиарддаган адамдардын турмушу, айыл чарбасы жана энергетика тармагы көз каранды болгон суу ресурстары түзүлөт. Ошол эле учурда климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, жерлердин деградациясы жана кооптуу жаратылыш кубулуштарынын улам көбөйүшү тоо экосистемаларынын жана ал жерлерде жашаган калктын аялуу абалын кескин күчөтүүдө. Кыргызстан БУУнун алкагында жана эл аралык климаттык процесстерде тоо күн тартибин ырааттуу түрдө илгерилетип келет”,-деди Касымалиев.
Минкаб төрагасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык климаттык процесстердин алкагында бир топ олуттуу натыйжаларга жетишкен.
1) Климат боюнча тараптардын 28-конференциясында (COP-28) Кыргызстан Андорра менен биргеликте Тоо тобун түзүү демилгесин көтөргөн. Бүгүнкү күндө ага 11 мамлекет кирет.
2) Кыргызстандын демилгеси менен 2024-жылы Бонн шаарында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча биринчи Эксперттик диалог өткөрүлдү.
3) COP29 конференциясынын алкагында биз тоо маселелерин жана климаттын өзгөрүшүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын ишине интеграциялоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалог уюштурулган. Ошондой эле 20дан ашуун мамлекет колдогон Тоолор, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөр жөнүндө декларациясы илгерилетилгени кошумчаланды.
4) Ушул жылдын 12-июнунда Бонн шаарында өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог уюштурулган.
“Тоолорго байланышкан маселелердин дүйнөлүк климаттык күн тартибинде барган сайын кеңири таанылышына өбөлгө түзүп жаткан мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун жогору баалайбыз. Ошол эле учурда тоолорго байланышкан, бир нече тармакты камтыган маселелер климаттык процесстердин артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш деп эсептейбиз.
Анткени биздин өлкөлөрдө ар түрдүү табигый кырсыктар болуп жатат. Мындай көрүнүштөр Непалда, Кытайда жана жакында эле Бутанда катталды. Кыргызстанда эле быйыл тоолуу аймактарда жүргөн селдердин жана суу ташкындарынын саны 350дөн ашты. Ушуга байланыштуу COP31 конференциясынын күн тартиби талкууланып жатканда Кыргызстан Тоо тобунун атынан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча диалогду жыл сайын өткөрүүнү сунуштады.
Мындай сунуштун себеби — БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын азыркы механизмдери тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарын толук эске ала албай жатат. Алардын катарында мүмкүнчүлүктөрдү жана дараметти чыңдоо, азык-түлүк коопсуздугу, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу, ошондой эле климаттык каржылоо маселелери бар. Жыл сайын өткөрүлүүчү диалог ушул маселелер боюнча практикалык натыйжаларды камсыз кылууга тийиш. Тактап айтканда, талкууларда көтөрүлгөн көйгөйлөр жана сунуштар Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын иштеп жаткан тиешелүү механизмдеринин жана комитеттеринин ишине ырааттуу киргизилип турушу зарыл. Ошондуктан кызыкдар мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү бул сунушту колдоого чакырабыз”, - деп белгиледи Касымалиев.
Эл аралык тоо күн тартиби тоолуу аймактардагы калк үчүн реалдуу натыйжа берип, алардын климаттын өзгөрүшүнө карата аялуулугун азайтууга кызмат кылышы керек экендигине минкаб төрагасы токтолду.
“Кыргызстандын Тоолуу аймактардын туруктуулугун камсыздоо боюнча Бишкек борборун түзүү демилгеси дал ушул милдеттерди чечүүгө багытталган.
Бул борбор илимий мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүгө, тоо экосистемалары менен криосферанын абалын изилдөөгө жана эл аралык каржылоону тартуу үчүн сапаттуу долбоорлорду даярдоого шарт түзгөн эл аралык аянтча болууга тийиш.
Ошол эле учурда каржы ресурстарынын жетишсиздиги жана эл аралык климаттык каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө тоскоол болгон негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Климаттык кырсыктардын жаралышына эң аз салым кошкон өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алардын кесепеттерин жоюу үчүн карыз алууга аргасыз болбошу керек деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу эл аралык коомчулукту Кыргызстандын БУУнун колдоосу астында өзгөчө бийик тоолуу Ысык-Көлдү сактоо боюнча Атайын биргелешкен трасттык фонд түзүү демилгесин колдоого чакырабыз. Акыркы он жылдыктарда көлдүн деңгээлинин төмөндөшү тынчсызданууну жаратууда. Ысык-Көлдү сактоо бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн экологиялык туруктуулугу үчүн өтө маанилүү. Ошону менен бирге жаратылыш экосистемаларын сактоо маселесинде саясий декларациялардан конкреттүү каржылык механизмдерге өтүү зарыл деп эсептейбиз. Мындай практикалык инструменттердин бири — тышкы карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизми болуп саналат. Ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыздык милдеттенмелерин экологиялык жана климаттык долбоорлорду, анын ичинде токойлорду жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча чараларды каржылоого багыттоону карайт.
Эл аралык өнөктөштөрдү жана каржы институттарын бул механизмди кеңири колдоого чакырабыз”, -деди Касымалиев.
Ошондой эле Эл аралык тоо күн тартибин мындан ары илгерилетүүдөгү маанилүү этап — 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммити боло турганын белгиледи.
“Саммит Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыгын чыгарууга, жетишилген ийгиликтерге баа берүүгө жана эл аралык кызматташтыктын жаңы артыкчылыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Иш-аракеттердин уланмалуулугун камсыз кылуу жана дүйнөлүк деңгээлде жаралгандемди сактоо максатында Кыргызстан 2028–2037-жылдарды Тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун он жылдыгы деп жарыялоону сунуштайт. Бул демилге эл аралык милдеттенмелерди бекемдеп, тоолуу өлкөлөргө узак мөөнөттүү, системалуу колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып, сиздерди “Бишкек+25” саммитине активдүү катышууга чакырам”- деди өкмөт башчысы.
Сөзүнүн соңунда тоолуу аймактардын туруктуу келечеги эл аралык тилектештикти, адилеттүү каржылоону, илимий билимди жана жалпы жоопкерчиликти талап кыларын дагы бир ирет баса белгиледи.
Кыргызстан тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактардын туруктуулугун бекемдөө жана келечек муундардын бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн бардык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга даярдыгын ырастай турганын кошумчалады.