“Айтматов” тасмасы Стамбулдагы эл аралык кинофестивалды ачат

Дүйнө
“Айтматов” тасмасы Стамбулдагы эл аралык кинофестивалды ачат

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Режиссер Каныбек Калматовдун “Айтматов” аттуу көркөм тасмасы Түрк дүйнөсүнүн VI “Коркут-Ата” эл аралык кинофестивалынын ачылыш тасмасы катары тандалып алынды. Эл аралык саамалык 3–7-ноябрь күндөрү Стамбул шаарында өтөт.

“Айтматов” фильминин эл аралык бет ачары 3-ноябрда Стамбулдун тарыхый “Атлас 1948” кинотеатрында өтөт. Кызыл килем төшөлүп, салтанаттуу ачылыш аземи менен коштоло турган бул көрсөтүүгө эл аралык кинематографисттер, маданият өкүлдөрү жана жергиликтүү ЖМКлар күбө болушат.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кино башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулуп жаткан бул масштабдуу кинофестивалга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн таанымал кинематографисттер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Түрк дүйнөсүнүн “Коркут-Ата” кинофестивалы түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий байланыштарын бекемдөө, кинематография тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 2021-жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жатат.

Кыргыздын дүйнөгө таанымал залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган “Айтматов” автобиографиялык көркөм фильминин бет ачары 12-октябрда Бишкекте өткөн.