"Тунгуч" онлайн-мектеби: 2 миңден ашык окуучу аралыктан билим алууда

Билим
"Тунгуч" онлайн-мектеби: 2 миңден ашык окуучу аралыктан билим алууда
copyright icon WWW

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкектеги "Тунгуч" онлайн-мектебинде учурда 2 272 окуучу аралыктан билим алууда.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, алардын басымдуу бөлүгүн чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын балдары түзөт.

Белгилей кетсек, "Тунгуч" онлайн-мектеби 5-11-класстын окуучуларына акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Анда чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана эмгек мигранттарынын балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, машыгуу жана мелдештерге катышкан спортчулар, олимпиаданын катышуучулары, ошондой эле жүйөлүү себептерден улам окуусу үзгүлтүккө учураган балдар билим ала алышат.